Министр: «Чек ара жаңжалынан өрттөлгөн жана талкаланган мектептер тез арада оңдолот»

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Баткен шаарындагы, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышканын соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
«Ак-Сай айылындагы мектеп жабыркап, окуу үзгүлтүккө учураган. Мектеп тез арада оңдолот. Ага чейин балдар чектеш жайгашкан айылдардагы мектептерде билим алууну улантат. Болуп өткөн окуялардан жабыр тарткан Максат айылындагы мектеп, бала бакча толук бүткөрүлүп, андагы окуучулар 1-сентябрда мектепке барат. Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы мектепке, Баткен облустук гимназия-жатак мектепке, Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров, Кызыл-Топу мектепке, Баткен районундагы №57 кесиптик лицейге, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебине эвакуацияланган мекендештерибизге жакшы шарт түзүп берүү уланат. Жабыркаган айылдардагы мектептерде бүтүрүүчү болгон окуучулар үчүн ЖОЖдорго тапшырууда кандайдыр бир деңгээлде жеңилдик берүү механизмдерин министрлик иштеп чыгат. Аркадагы жана чек арага чектеш мектептердин материалдык базалары чыңдалат», — дейт министр.