Министр эмдөөдөн кийин чарчап калган 3 жашар баланын иши боюнча комментарий берди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин каза болгон 3 жашар баланын иши боюнча комментарий берди. Министр бүгүн, 29-июлда 2024-жылдын жарым жылдык отчетун берди. 

Ал белгилегендей, маалымат пайда болгондон кийин комиссия түзүлгөн. «Азыр комиссия иштеп жатат. Бул дары менен 800 миңден ашуун бала эмделгендиктен, баланын эмне себептен каза болгонун тактап жатабыз. Ал бала эмдөө алган учурда башка оорулар менен да ооруп жаткан экен», — деди ал. 

Буга чейин Нарындагы үй-бүлө 3 жашар баласы эмдөөдөн кийин чарчап калганын айтып, кайрылуу жасаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, комиссия түзүлгөнүн билдирген.