Министр энергетиктерге катуу суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчыда Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жана Кочкордо Нарын электр тармактар ишканасынын кызматтык жамааты менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Министр кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырды. “Өзүңөр билгендей Кыргызстан боюнча тоолуу аймактрада өзгөчө суук болот. Алдыда күтүлүп жаткан катуу суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла. Энергетиктердин милдети калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү”, — деди Ибраев.