«Ноокатта иш кызуу жүрүүдө. Жаңы келген техникалар биринчи кезекте Ноокаттын жолун салууга жөнөтүлдү». Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.
«Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун курулушун жеринен көрүп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери менен сүйлөшүп, тиешелүү тапшырмаларды бердим. Жумушчулар, техникалар өз ордунда иш алып барып жатышат. Аткарылып жаткан иштер жеке көзөмөлүмдө. Белгилей кетсем, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош-Баткен-Раззаков жолунун кооптуу участокторунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган», — деп жазылат министрдин маалыматынжа.