Министр Казакстандан гуманитардык жардамга келген үрөндөр 42,5 сомго сатылганын ырастады

Бүгүн, 19-июлда Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жыйын учурунда Казакстандан гуманитардык жардам катары келген үрөн сатылып кеткенин тастыктады.

«Казакстандан Кыргызстанга 1000 тонна үрөн гуманитардык жардам катары келген. Бизде 450 миң фермер бар. Баарына бирдей шарт түзүп берүү үчүн ал үрөндөр башка үрөндөргө кошулуп 42,5 сомго сатылган», — деп билдирди министр.

Министр Аскарбек Жаныбековдун айтымында, Өзбекстан, Казакстан, Орусиядан Кыргызстанга жалпы 24 тонна ар кандай үрөн алып келинген.