Министр: «Коронавируска каршы ревакцинация жүргүзүлөт»

Кыргызстанда коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) жүргүзүлөрүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ала-Тоо 24» телеканалынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, декабрь айында алар коронавируска каршы антителолор аз болгон адамдарга ревакцинацияны сунуштай башташат. «Жазында эмдөөдөн өткөн адамдарда көрсөткүчтөр төмөн болушу мүмкүн. Алар коронавируска каршы антителолорду текшерүү үчүн тест тапшырышы керек. Эгерде көрсөткүчтөр 3төн төмөн болсо, анда ревакцинациядан өтүү керек. Азыр биз бул маселени тактап жатабыз жана декабрда сунуш кыла баштайбыз», — деди ал.

Министр акыркы чечим декабрда кабыл алынарын айтты.