Министр Кыргызстанга коронавирустун омикрон штаммы келсе, чектөө киргизилберин айтты

Кыргызстанга коронавирустун омикрон штаммы келсе, эч кандай чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда «омикрон» штаммы Кыргызстанга качан келерин айтуу кыйын. «Бир гана Кудай билет, балким бүгүн кечинде келет. «Омикрон» жайылган Орусия менен күнүнө 5 авиакаттамыбыз бар», — деди ал.  Ал башка өлкөлөр сыяктуу калкты экономикалык жактан колдой алышпай турганын белгиледи.