Саламаттыкты сактоо министри кызамык оорусуна байланыштуу өлкөдөгү кырдаал боюнча кайрылуу жасады.
Ал бул оорудан балдарды эмдөө гана алдын аларын айтып, ата-энелерге кайрылды.
Кечээ, 18-мартта Министрлер кабинети маалымат таратып, Кыргызстанда январь-февраль айында кызамыктан 8 бала каза болгонун, президенттик аппаратта кызамык оорусунун өсүү тенденциясы талкууланганын билдирген.