Министр Максутов «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесине Ардак грамота тапшырды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесине жеткинчектер үчүн уюштурулган «Жаш лидерлер» кайрымдуулук долбооруна кошкон салымы үчүн Ардак грамотасын тапшырды.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинен ар дайым жаштардын татыктуу билим алуусун жана ар тараптуу өнүгүшүн колдой турганын билдиришти.