Министр Максүтов «спорт кандай түрлөргө бөлүнөт» деген суроого жооп бере албай койду

Кыргызстанда спорттун канча түрү бар экенин депутат Шайлообек Атазов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдон сурады.

Министр бул кызматка дайындалгандан бери спорт тармагын тейлеген орун басары менен тыгыз иштешип келе жатканын айтты. «Демек, сиз билбейт экенсиз да. Спорт кандай түрлөргө бөлүнөт?» — деп сурады депутат.

Максүтов кийинчерээк тактап, жооп берерин айтты. «Олимпиадалык, олимпиадалык эмес, улуттук. Министр болуп туруп муну билбегениңиз туура эмес. Сиз көптөгөн аймактарды көзөмөлдөйсүз. Кесиптештер, мунун баарына жетишет деп ойлойсуңарбы? Спорт чөйрөсүн эч ким тийиштүү түрдө коргобойт», — деди Атазов.

Министр спорт тармагындагы бардык көйгөйлөрдү териштирүүгө убакыт керектигин айтты. «Кыска убакыттын ичинде бардык маселелерди бир убакта чечүү кыйын. Бир-эки ай, жок дегенде квартал керек», — деди ал.

Депутат министр квардал изилдеп чыкканча бардык лицензиялык иш-чаралар бүтөрүн, ошондуктан спорт тармагын азыркы министрликтен бөлүү керектигин айтты.