Министр: «Мектеп директорлугуна сынак 2 этап менен өтөт»

Мектеп жетекчилерин конкурстук негизде дайындоо маселеси болуп жаткандыктан сынак 2 этаптан турат. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

«1-этап талапкерлердин документтерин кабыл алуу. Ошол жерде критерийлер болот, ошол талапка жооп бергендер гана документ тапшырышат. Аны талапкер өзү сайтка жүктөйт. 2-этап жалпы тестирлөө. Тестирлөө ачык-айкын болот. Аны онлайн көрсөтүп турабыз. Аны ата-энелер дагы көрүп турса болот»,- деди ал.