Министр: «Мектептерде ар жуманын башында жана аягында гимн милдеттүү аткарылат»

Мындан ары мектептерде Кыргыз Республикасынын гимни ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү түрдө аткарылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында билдиргенин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт. Министрдин демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапкан.

Белгилей кетсек, ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги Баткенде көчмө жыйын өткөрүүдө.