Министр менен тамактанып. Аскар Акаев сурактан кийинки убактысын кантип өткөрүп жатат?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16 жылдан кийин мекенине кайтып келген Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев менен тамактанып отургандагы сүрөтү жарыяланды. Сүрөттү Фейсбуктагы баракчасына Медициналык академиясынын бөлүм башчысы Андрей Сопуев жарыялаган. Бирок бир нече убакыттан кийин Сопуев ал постту өчүрүп салды.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев да, мурдагы президент Аскар Акаев да Кеминдик. Ал эми сүрөткө «Кеминдиктер» деген жазуу калтырган.

Эске салсак, мурдагы президент Кыргызстанга «Кумтөр» иши боюнча тергөө менен кызматташууга келгенин айткан. Ал өлкөгө келген күнү УКМКга сурак берип чыккан.