Министр: «Мугалимдер мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбайт»

Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбай турганын билдирди.

Министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мугалимдердин негизги милдети сабак берүү жана билим берүү процессин уюштуруу экенин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөөгө 401 миллион сом бөлүнгөн.

«Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартпоого тийиш, анткени бул мыйзамсыз болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.