Министр: «Мугалимдерди 2-3 сабактан бергидей кылып даярдайбыз»

Мугалимдерди 2-3 сабактан бергидей кылып даярдайбыз. Бул тууралуу Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, алдыда бир мугалим химия, физика, биология жана географиядан сабак бере башташат. «Бул Германиянын тажрыйбасы»,- деди ал.