Министр: «Орусиялык ырчылар өзүлөрү «куттуктап коёлу» деп жатышса, жок келбегиле демек белек?»

Саналуу күндөн кийин Кыргызстанда эгемендүүлүк майрамы белгиленет. Ага бир катар чет элдик ырчылар келери айтылган. Ошондон кийин социалдык тармактарда чет элдик аткаруучулардын келүүсүнө каршы пикирлерин айткандар көбөйгөн. Буга байланыштуу «Кабар» маалымат агенттиги маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго суроо узатып, пикирин укту.

«Кайсы бир чоң иш-чара болуп жатса эле аны саясатка айлантканды токтотсок дейт элем. Орусиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, «Сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коёлу» деп жатышса, жок келбегиле демек белек?

Азыр Фейсбук жана башка социалдык тармакта отуруп алып, «бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз» деп аткандарга айтарым: «Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук» деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун.

Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсы ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле?

Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коёлу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес. Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет. Эң сонун, жогорку деңгээлдеги программа даярдап атабыз. Ала-Тоо аянтында мындай масштабдагы программа өткөрүлө элек десем болот. Бардыгы түз эфирде көрсөтүлөт.

Элдин көптүгүнөн эле билесиздер маданий иш-чараны ким кандай кабыл аларын. Андыктан ушул маданий иш-чараны саясатташтырбай, кандайдыр бир позитивдүү нерселер менен алек болсок. Дагы бир жолу жакшынакай маданий иш-чарага саясий боек сүртүү менен алектенбегиле деп чакырып кетет элем»,- деди министр.