Министр: «Өзбекстан менен Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү токтотту»

Өзбекстан менен Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү токтотту. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыктын” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдө да электр энергиясы боюнча көйгөйлөр бар. «Бүгүн импорт токтотулду, өзүбүздүкү менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда линияда авария болуп, чаңдуу куюндан кийин жылуулук станцияларында оңдоо иштери жүрүп жатат. Түркмөнстандан электр энергиясы 1-августтан бери импорттолот, бирок учурда авариядан улам убактылуу кыйынчылыктар жаралууда. Бир-эки күндүн ичинде маселе чечилет”, — деди ал. 

Бекмурзаев Өзбекстанга барып, түзүлгөн кырдаалды талкуулай турганын кошумчалады. Ошол эле учурда ал министрлик энергияны үзгүлтүксүз берүүгө даяр экенине ишендирди.