Министр: «Талкууга түшкөн форма Олимпиада оюндарындагы Кыргызстандын расмий спорттук кийими эмес»

«Талкууга түшкөн форма Олимпиада оюндарындагы Кыргызстандын расмий спорттук кийими эмес». Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Талкууланып жаткан спорттук кийим кышкы Олимпиада оюндарындагы Кыргызстандын расмий спорттук кийими эмес, жөн гана машыгуу учурунда кие турган кийими. Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарындагы Кыргызстан командасынын расмий спорттук кийимин Улуттук Олимпиада комитети бүгүн жарыялайт», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Улуттук Олимпиада комитети тарабынан жарыяланган форма коомчулуктун сынына кабылган эле.