Министр: «Ташиев жакшы болуп бара жатат. ПЦР-тести таза чыкты»

Пневмонияга чалдыккан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жакшы болуп бара жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Ташиев тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгы таза чыкты. «Өзүнчө палатада дарыланууда. Маанайы жакшы», — дейт министр.

УКМКнын төрагасынын өпкөсү кагынып, кечээ, 4-январда ооруканага жатканы маалым болду. Ал буга чейин да 2020-жылы «каргашалуу июль» деп атыккан мезгилде жубайы менен пневмонияга чалдыгып, ооруканалардан орун таппай, абалы начарлап кеткенин айтып берген.