«Президент Садыр Жапаровдун курулуш иштерин дагы тездетүү тапшырмасынын негизинде Ош облусуна болгон иш сапарымдын алкагында Ноокаттын жолунун абалы менен тааныштым». Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасында жазды.
Анын айтымында, президенттин тапшырмасын аткаруу максатында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун курулушу эки сменге иштөө тартиби киргизилди. Жол куруу техникалары жакынкы арада келет, жолду салуу иштери мындан дагы күчөтүлөт.
Азыркы учурда Ош-Баткен-Раззаков (Ноокат) унаа жолун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат:
— жолдун эки тарап жер тилкесине туш келип калган бак дарактарды кыйып, дүмүрлөрдөн тазалоо жумуштары аткарылды;
— жолго иштетилүүчү шагыл материалына карьер жана жолдон чыккан эски асфальт материалын төгүү үчүн таштанды жайын аныктап иш кагаздары жөнгө коюлду;
— жолго негизги катмарына төгүү үчүн материал даярдалып, жолго төшөлдү;
— жолго иштетилүүчү асфальт катмарын астындагы негизги материалды даярдоо үчүн таш талкалоочу жабдууну (КДУ) алып келип, орнотуу жумуштары аткарылууда;
— асфальт материалын алуу үчүн асфальтка кошулуучу порошок, битум жана инерттик материалдар даярдалып жатат;
— жолго кетүүчү темир бетон куурлар алууга келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө даяр болгон темир бетон материалдарын алып келип орнотуу жумуштары жүрүп жатат.
— жолго кетүүчү темир бетон куурлар алууга келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө даяр болгон темир бетон материалдарын алып келип орнотуу жумуштары жүрүп жатат.