Министр Текебаев: «Төө-Ашуудагы туннель эки тарабынан тең убактылуу жабылды»

«Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуудагы «Көлбаев» атындагы туннель эки тарабынан тең убактылуу жабылды. Жолго чыкпай туруңуздар». Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Буга чейин ӨКМден Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшкөнүн маалымдашкан.