Министр телефондун жарыгында жүрөккө операция жасаган кардиохирургду кызматтан бошотту

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абаддагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы аймактык илимий борборунун директору Калдарбек Абдрамановду кызматтан аларын билдирди.

Министрдин айтымында, Абдраманов борбордогу финансылык мыйзам бузуулардан улам иштен алынууда. «Анын өзүнүн менчик кардиологиялык борборлору бар. Ал мамлекеттик оорукананы да менчик борбор кылып алыптыр. Ал өзүнүн чөнтөгү менен мамлекеттикин алмаштырып алган», — дейт Бейшеналиев.

Калдарбек Абдраманов жүрөккө уникалды операциялар жасагандыгы менен элге таанымал. Анын биринде электр энергиясы өчүп калып, телефондун жарыгында жүрөккө операция жасаганы талкуу жараткан. 2014-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары кардиохирургу болуп дайындалган.