Министр: «Мадагаскардын президенти уу-коргошунду өзү ичип, бүт баарын айыктырып жатат»

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 19-апрелде Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышына катышты. Иш-чарадан кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, учурда 300 жаран уу-коргошундун тундурмасын ичип жатышат. «Бейтаптар тундурманы ичкенден кийин биз кан, заара жана кантка анализ алып жатабыз. Организминде кандай өзгөрүү болуп жатканын протоколдойбуз. Азыр жардам берип жатканын өзүбүз клиникалык жактан көрүп жатабыз. Акониттин жардам берерин лабораториялык жактан далилдегенден кийин, биз аны каттоодон өткөрөбүз«, — деди министр.

Ал ошондой эле уу-коргошун Францияда каттоодон өткөнүн, Мадагаскардын президенти аны өзү да ичип, башкаларды да айыктырууда колдонорун билдирди.

Жарандар өздөрү даярдап, колдонуп баштабайбы деген суроого Бейшеналиев алар дозасын билбей, же муздак боюнча ичип алышы мүмкүн экенин айтты. «Биз аны заводдун шартында даярдап, капкагын бөтөлкөлөр ачылып калбагыдай кылып жаап, дарыгерлерге беребиз. Дарыгерлер өздөрү 100-150 граммдан ысытып, бейтаптарга берет. Анан процессти көзөмөлдөп турушат. Буга чейин миңдей бейтап бул тундурманы ичкен. Ошко дагы жөнөтүп жатабыз. Тундурма менен дарыланган адамдар айыгып жатат. Ошол үчүн ооруканаларыбызда бош орундар бар», — дейт ал.

Бүгүн парламенттин комитети уу-коргошун чуусуна байланыштуу Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу өтүнүчүн өкмөткө жолдоону чечишти. Алар министр кыргыз медицинасын дүйнө жүзүнө уят кылып жатат деген ойдо.