Министр: «Урандын айынан онкологиялык оору болду деген илимий далил жок»

Кечээ, 28-майда парламенттин Укук тартиби боюнча комитетинде Кыргызстандагы уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Документ бүгүн, 29-майда биринчи окууда колдоо тапты.

Талкуу маалында депутат Айсулуу Мамашова Кыргызстанда рак илдетине чалдыккандар көп экенин, ал өлкөдө жайылган оорулардын ичинен экинчи орунда турарын айтты. Мамашова белгилегендей, уран калдыктарын сактоочу жайлар жайгашкан Майлуу-Сууда жана башка аймактарда онкологиялык илдетке чалдыккандар көп экенин айтты.