Министр: «Вакцина алгандардын арасында коронавирустан каза болгондор жок»

Вакцина алгандардын арасында коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министр эмдөө менен коронавирусту жеңүү мүмкүн экенин кошумчалады. «Канчалаган адамдар көз жумганын көрдүк. Үчүнчү толкунда ооругандар көп болду, бирок каза тапкандардын саны өтө аз», — деди министр.