Министрдин 2 орун басары мамлекет берген батирден баш тартты

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов менен Жалалидин Рахматуллаев мамлекеттен берилген батирден баш тартышты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, батирлердин абалы начар болгондуктан, эки орун басары тең аларды өз күчү менен оңдоп ала турган дарыгерлерге берүүнү туура көрүшкөн.

«Ал жакта үйдүн сырткы сөлөкөтү эле турат. Чатырынан суу агат, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Ага эле 5 миң доллардай акча кетет. Менин бир орун басарым бул жакка Кадамжайдан көчүп келди, азырынча туугандарыныкында жашап жатат. Бирок ал дароо эле мага чалып, батирден баш тартып, аны өз күчү менен оңдоп ала турган медицина кызматкерине берүүнү сунуштады. Ошондой кызматкер издеп көрөбүз», -деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери Мира Тургунбаева менен Жазгүл Калмырзаевга кызматтык батирдин ачкычы берилгени кабарланган. Аны Алымкадыр Бейшеналиев тапшырган.