Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей, мыйзам долбоору «Транспорт жөнүндө» мыйзамы менен «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамынын ортосундагы автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш менен алектенүүгө лицензия берүүнүн мөөнөтүнө карата жоболор бөлүгүндө карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, бул мыйзам долбоорунда жеңил таксилер менен ташуучулардын автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы болгондо гана жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, министрдин орун басары 2024-жылы 1420 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 1089у оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгонун маалымдады. Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоорун колдоону сунуштап, анын кабыл алынышы жол коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи.