Министрдин орун басары: «Чек ара чырларына Куралдуу күчтөр кийлигишпейт»

Ушул жылдын жаз мезгилинде Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда аскер кызматкерлери эмне үчүн катышпаганы боюнча Коргоо министрлигинен түшүндүрүштү. Кечээ, 6-сентябрда парламенттин комитеттик жыйынында министрдин орун басары Нурлан Кирешеев бул тууралуу токтолду.

«Чек ара чырларына Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрү кийлигишпейт. Тажикстан да жогорудагы жаңжалда Куралдуу күчтөрүн колдонгон жок. Биз тараптан УКМКнын Чек ара кызматынын күчтөрү гана болду. Тажикстандын Чек ара кызматы Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнө эмес, Кыргызстан сыяктуу эле УКМКнын курамына кирет», — деди министрдин орун басары.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 Кыргыз жараны, анын ичинде балдар каза болгон, ал эми тажик тараптан 16 киши каза болгону маалымдалган.