Министрдин орун басары: «Эң кооптуу жер көчкү тилкелери Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай, Аксы жана Базар-Коргондо»

«Эң кооптуу жер көчкү тилкелери Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай, Аксы жана Базар-Коргондо». Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Жогорку Кеңеште билдирди.

“Жыл башынан бери Мониторинг жана божомолдоо департаменти тарабынан 438 изилдөө иштери аткарылып, анын 102си жер көчкү процесстерина байланышкан. Бүгүнкү күндө эң кооптуу делип аныкталган жер көчкү тилкелери Өзгөн районундагы бешөө, Кара-Кулжа районунда үчөө, Алай районунда экөө, Аксы районунда үчөө жана Базар-Коргон районунда бирөө», – деди министрдин орун басары.