Министрдин орун басары Кайрат Примбердиевдин айтканын сындады

Социалдык тармакта ырчы Кайрат Примбердиевдин казак журналистине берген маеги талкууга түшкөн. Анда ал казак элинен Кененсарынын башын алган Ормон хан үчүн кечирим сураган.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар аталган хандардын окуясы ташка тамга баскандай көпчүлүккө белгилүү экенин, ал үчүн ырчы кечирим сураганын туура эмес көрүшкөн. Ал эми айрым колдонуучулар бул өткөн тарых экенин, аны козгоп эки элдин ортосуна бүлүк салган туура эмес экенин жазышты.

Бул боюнча Маданият министринин орун басары Марат Тагаев үн катты. Ал 12-январдагы Адабий форумда социалдык тармактардан бир катар кыргызстандык журналисттердин, ырчылардын жана саясий эксперттердин Казакстандын YouTube каналына берген маегин көргөнүн айтты.

«Өлкөбүздү, кыргыз тарыхын, адабиятын, келечегин, өткөнүн өз көзүбүз менен, Кыргызстандын көзү менен карасак жакшы болмок. Бирдиктүү позицияны карманышыбыз керек. Ооба, Кыргызстан менен Казакстан бир тууган өлкөлөр. Алардын арасында тарыхый суроолор болгон. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев айрым казак блогерлеринин пропагандасына алдырып, Ормон хан туура эмес кылганын айтып, кечирим сурады. Элестетсеңер, биздин Эмгек сиңирген артист»,— деди ал. 

Министрдин орун басары Ормон хан кыргыз мамлекеттүүлүгүндө роль ойногон негизги инсандардын бири экенин белгиледи. «Окуу китептерин окуп чоңойгондор анын эрдигине суктанышат. Ал согуштук тактикада чебер болгон, ошондуктан атактуу болгон. Примбердиев Ормон хандын өз жерин коргоп, мамлекеттүүлүктү түптөөгө салым кошкону үчүн уялып жаткансыйт», — деди Тагаев.

Ал адабий форумдун катышуучуларынан жаштарга кыргыз интеллигенциясынын көзү менен угуп, көрө алышы үчүн тарыхка байланыштуу көбүрөөк контент даярдап берүүнү өтүндү.