Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кандай жардам көрсөтүлүп жатканын депутат Русланбек Жакышов Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевден сурады.
«Жыл сайын президенттин жана Министрлер кабинетинин фондунан бир жолку жардам берилсе, быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон бөлүндү», — деди Базарбаев.
«Өлкөдө канча ардагер калды?» — деп сурады депутат.
«Так саны эсимде жок, бирок көп эмес. Болжол менен 15-16», — деп жооп берди министрдин орун басары.
Жакышов алардын саны аз экенин, ар бирине миллиондон берсе да болорун айтты.
Июнь айында министрдин орун басары Жылдыз Полотова Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 90 ардагери бар экенин билдирген болчу.