Министрдин орун басары: «Өлкөдөгү бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт»

«Саламаттыкты сактоо министрлигинен сасык тумоо менен ооругандар көп катталып жатканы боюнча кат келди»,- деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Биз республиканын бардык мектептерин 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүп жатабыз», — деди ал. Ал башка маалымат берген жок.