Министрлер кабинети 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү буйрук Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.
Белгиленгендей, өзгөртүүлөр ишканаларга тиешелүү.
Азыр Министрлер кабинети тарифтерди 35 пайызга көтөрүүдө. Жаңы тариф 1 кВт/саат үчүн 340 тыйынды түзөт. Жаңы тарифтер токтом жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин, башкача айтканда, 2022-жылдын 28-декабрынан тартып күчүнө кирет.