Министрлер кабинети: Быйыл суунун аз болуусу күтүлүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү иштери боюнча жыйын болуп өттү.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев кургакчыл климатка байланыштуу быйыл суунун аз болуусу күтүлүп жатканын билдирди. Ошол себептүү суу боюнча 100 ири иш-чара уюштурулат.

“2024-жылга 540 чакырым чарбалар аралык каналдар оңдолот. Ошондой эле, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндердин курулушу арбын болот. Эскерте кетейин, өзгөчө район акимдери былтыркыдай Аламүдүн, Сокулук райондорундагыдай маселелер болбосун, эгер кайталанса жеке жооп бересиздер. Сугаруу иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баргыла. “Элдик курулуш” ыкмасы аркылуу  объекттерди оңдогула, мындан тышкары дыйкандар бириккен жерлерге сууну жеткирүү приоритет болот”, – деди Бакыт Төрөбаев. 

Мындан тышкары, дыйкандарды район акимдерине үрөөндүн кандай түрү керек болсо ачык айтууга чакырды, мамлекет таап берүүгө даяр. Ал эми күйүүчү-майлоочу майдын кору өлкөдө жетиштүү экенин айтып, учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 10 миң тонна бар экендигин кошумчалады.