Министрлер кабинети жерге мунапыс маселеси боюнча түшүндүрмө таратты

Жер мунапысын жүргүзүү маселеси Министрлер кабинетинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

2022-жылдын июнь айында Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү боюнча токтом кабыл алган. Учурда республиканын аймактарында тиешелүү комиссиялар түзүлүп, иштеп жатат. Президенттин өлкө аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коллегиялык жыйындарынын жүрүшүндө жерге мунапыс берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Жергиликтүү бийлик органдарына бул багыттагы иштерди сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Акча каражаттарын опузалап талап кылуу фактылары орун алган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Акча каражаттарын талап кылуу фактылары боюнча төмөнкү телефон номерлерине билдирүүгө болот: (0312) 625342, 960185, 960186.