Министрлер кабинети министрликтердин жана маморгандардын ишине баа берди

Министрлер кабинети ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:

— “эң жакшы” деген баа менен – 7 мамлекеттик орган (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 11 мамлекеттик орган “эң жакшы” деген баа алган);

— “жакшы” рейтинги менен – 7 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 8 мамлекеттик орган “жакшы” деген баа алган);

— «канааттандырарлык» деген баа менен — 3 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 4 мамлекеттик орган «канааттандырарлык» деген баа алган);

— “канааттандырарлык эмес” деген баа менен – 4 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 2 мамлекеттик орган “канааттандырарлык эмес” деген баа алган).

Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча баалоого биринчи жарым жылдыкта 3 баллдан аз балл алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.