Министрлер кабинети Ооганстандан качып, Тажикстанда турган этникалык кыргыздарды кабыл алууга камданып жатат

иллюстрация

Министрлер кабинетинде Ооганстандан качып чыгып, Тажикстанда убактылуу кармалып турган этникалык кыргыздар боюнча маселе каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө, Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары угулду. 

Кыргызстан этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр. Ушул тапта ТИМ Тажикстан Өкмөтү жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Башка ведомстволорго эгер кандаштар алып келинип калса, тосуп алып жайгаштыруу жана жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздарга «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык гуманитардык уюму аркылуу медициналык жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.