Министрлер кабинети: «Учурда диплому болгону менен билими жок адамдардын саны жогорулап жатат»

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өлкөдөгү мамлекеттик жана менчик жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары жогорку окуу жайларынын учурдагы абалын жана натыйжага, өнүгүүгө багытталган жаңы кадамдарын талкуулады.

Жылдыз Бакашова билим берүү тутумунда реформа жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи. «Учурда климаттын өзгөрүүсүнүн, улуттар аралык, инновациялык кызматташтыктын экономикадагы жана региондогу таасири олуттуу түрдө сезилип жаткан мезгилде жогорку окуу жайлары бүгүнкү күндүн жаңы реалдуулугуна кандай салым кошууну көздөөдө? Университет 4.0 деген эмне? ЖОЖдор өлкө экономикасын жаңы идеялар, инновациялык долбоорлор, алдыңкы технологиялар жана атаандаш адистер менен камсыздоого даярбы?» — деди ал жана биринчи кезекте өлкөнүн негизги байлыгы адам ресурсу болуп саналаарын, тилекке каршы, учурда диплому болгону менен билими жок адамдардын саны жогорулап жаткандыгын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары жогорку окуу жайларында билим берүүнү натыйжалуу өнүктүрүү боюнча иштиктүү чараларды белгиледи, анын ичинде:

— ЖОЖ академиялык саясатын бүгүнкү реалдуулукка жана чакырыктарга ылайык калыптандыруу;

— өлкөнүн муктаждыктарын талдоонун негизинде ЖОЖ миссиясын жана стратегиясын кайрадан карап чыгуу;

— кесипке карата болгон суроо-талапка көңүл буруу жана эмгек рыногуна үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүү;

— бизнес коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта артыкчылыктуу багыттар боюнча баштапкы лабораторияларды жана технопарктарды ишке киргизүү;

— коопсуз билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү (радикализм, экстремизм жана кибер чабуулдарды болтурбоо үчүн алдын алуу чаралары);

— жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөө ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары QS, Time high education сыяктуу эл аралык рейтингдерде орун алуу менен колдонмо мүнөзгө ээ болушу керек.

ЖОЖдордун илимий ишинин сапатын аныктоодогу көрсөткүч катары мугалимдер тарабынан белгилүү журналдарда (Hirsha index, Web of Sciences, Scopus) жарыяланган макалалардын тийиштүү саны эсептелет.

Кеңешменин жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигине эмгек рыногунда кесипке болгон суроо-талапты эске алуу менен ЖОЖдордогу багыттардын жана адистиктердин тизмесин кайрадан карап чыгуу, ошондой эле илимди колдонмо изилдөөлөргө кайра багыттоо боюнча “Улуттук ЖОЖдук илим” долбоорун иштеп чыгуусу жана изилдөөчүлүк ишмердиктин сапатын жана илимий иштердин жыйынтыктарынын экономикалык натыйжалуугун жакшыртуусу тапшырылды.