Министрлер кабинетинин төрагасы «Чыңгыз-Ордо» комплексинин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шекер айылындагы «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушу менен таанышты.

Улукбек Марипов аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүүнү тапшырды. Бүгүнкү күндө арка жана тышкы жарыктандыруу устундары орнотулуп, унаа токтотуучу жайдын жана стелланын курулушу жүрүүдө, Жер-Эне объектисинде бетондоо иштери, граниттик плиталар менен жылмалоо иштери жыйынтыкталган.

Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер кабинети келерки жылы курулушту улантуу үчүн калган сумманы бөлүү маселесин карамакчы.