Министрлер кабинетинин төрагасы Эверестти багындырган Асел Байбагышевага чалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен видео байланыш аркылуу куттуктады.

Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку кесипкөйлүгүнө чын жүрөктөн суктангандыгын билдирип, анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун жаркын үлгүсү экенин белгиледи. Министрлер Кабинетинин төрагасы Эверестти 54 саатта багындыруу альпинисттин жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Асел Байбагышева Эверест тоосун багындырган биринчи кыргызстандык аял. Ал 2025-жылдын 11-майында Кыргызстандын желегин желбиретип Эверест тоосунун чокусуна ийгиликтүү чыгып, 2025-жылдын 12-майында базалык лагерге аман-эсен кайтып келген.