Министрлер кабинетинин төрагасы: «Учактар туманда да учуп-коно тургандай кылып шарт түзүп беришибиз керек»

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отуруму өтүп жатат. Депутат Илимбек Кубанычбеков Ош менен Бишкектеги аэропорттордо учактар туман учурунда да коно бергидей система менен иштеши керек экенин айтты.

«Акыркы 5 күн ичинде Бишкек менен Ошто тумандын айынан жарандар суткалап аэропортто калып жатышат. Ооба, бул табийгый нерсе. Бирок техникалык базаны чыңдаш керек. Коңшу өлкөлөрдө «Ил кат 3″ системасы менен иштешет экен. Туман учурунда дагы тоскоолдуксуз учуп-конот. Ушуну эске алсак. Бул биздин экономикабызга бир топ киреше алып келе турган тармак», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул боюнча «Манас» эл аралык аэропорту иш алып барып жатканын айтты. «Аба ырайы кандай болбосун, коно тургандай шарт түзүп беришибиз керек», — деди ал.