Министрлер спектакль көрүүгө барышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Министрлер кабинетинин жалпы жамааты Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында “Кулан” тарыхый драмасынын көрүүчүсү болду.

Спектаклди Бишкек шаарына гастролдоп келген Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры койду. Министрлер кабинетинин башчысы чай үстүндө театрдын артисттери менен баарлашып, артисттердин жана алардын көркөм жетекчилеринин маселелерин укту.

Маалымат үчүн:

Режиссер Назгүл Мырзаканова койгон Айжамал Масылбекованын “Кулан” спектаклинде башкы ролдорду Надира Сарыкова менен Айгалым Алмазбек кызы аткарды, ошондой эле Күкүн Шатманова Күнбүбү Умайдын ролунда Ормон хандын кызынын 19-кылымдын орто чениндеги кыргыз урууларынын араздашуусунан кийин жарашуудагы ролун ойноду.