Министрлик: «1-ноябрдан тарта оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт»

1-ноябрдан тарта оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бирок авариялык кырдаал жаралса, жарык өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бекитилген графикке ылайык, бардык энергетикалык объектилерде оңдоо иштери 2021-жылдын октябрь айынын аягына чейин аяктайт. 1-ноябрдан тарта оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт.

«Өткөн жылы пандемияга байланыштуу энергетикалык объектилерде оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйыл бардык жабдуулар оңдолду, капиталдык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгын өчүрүүгө туура келди. Бул кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган»,- деп айтылат маалыматта.