Министрлик: «12 жылдык окууга өтүүдө 5 баллдык система сакталат»

Билим берүү министрлиги тарабынан сунушталып, Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик КАОнун сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт», — деп айтылат маалыматта.