Министрлик: «4 адамдан башка уу-коргошунга уулангандар катталган жок»

4 адамдан башка уу-коргошундан уулангандар катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ал эми Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна уу-коргошунга ууланып түшкөн 3 бейтаптын экөөсү ооруканадан чыгарылган.

«Биздин борборго түшкөн 3 бейтаптын экөөсү ооруканадан чыгарылды. Ал эми акыркы түшкөн 79 жаштагы эркек киши дарыланып жатат. Абалы жакшы», — дешти борбордон.

20-апрелде аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, аларга алдын ала «аконитке уулануу, аритмогендик шок» деген диагноз коюлган. Андан тышкары, Бишкекте Тез жардам менен 1958-жылы туулган жаран Кардиология жана терапия боюнча улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүнө өтө оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала «белгисиз зат менен уулануу» диагнозу коюлган. Ошол эле күнү жогоруда аталган борборго 79 жаштагы эркек киши уу-коргошунга ууланып жаткырылган. Анын үй шартында 1 жумага жакын убакыт уу-коргошун ичип жүргөнү маалым болгон.