Өлкөдө 17 менчик медициналык окуу жайдын ичинен 8инде гана студенттерге практика өтүү үчүн шарттары бар. Калган 9унун клиникалык базасы жетишсиз, айрымдарында такыр эле жок экени аныкталып, 7 окуу жайдын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Төмөндөгү окуу жайлардын 6-формасын чакыртып алуу чечими кабыл алынды:
- Ош эл аралык медициналык университети;
- Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;
- «Роэль Метрополитен университети»;
- «Авиценна» эл аралык медициналык институту ;
- «АВС» академиясы;
- Бишкек эл аралык медициналык институту;
- Медицина жана илим эл аралык университети.
Буга чейин форма №6ны албаган “Адам” университети, Илим жана бизнес эл аралык университети Билим берүү министрлигине кайрылды.