Министрлик: «Аалам Строй» курулуш компаниясы бүтө элек үйгө үлүшчүлөрдү киргизген»

«Аалам Строй» ЖЧКсынын Курулуш министрилиги тарабынан курулуш лицензиясы токтотулгандыгына карабай, курулуш монтаждоо иштерин улантып, курулушу бүтө элек турак үйгө үлүшчүлөрдү киргизип, өз билимдик менен колдонууга жол бергендигине жана коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан эскертме кагазы кайталап берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

«ОсОО «Аалам Строй» компаниясына карата материалдар укук коргоо органдарына жиберилип, өзүнчө мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголуу алдында»,— деп айтылат маалыматта.