Министрлик «айрым мектептерде хиджабды чечүүгө мажбурлап жатат» деген жалган экенин билдирди

Билим берүү жана илим министрлиги айрым мектептерде хиджабды чечүүгө мажбурлап жаткандыгы боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Конституцияга ылайык Кыргызстан – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп эсептелет. Конституцияда эч ким туткан дини же башка абалы, жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги белгиленген. Ар бир адамга дин тутуу эркиндиги кепилденген. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, окуучулардын милдеттерине билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоо кирет.

Өкмөттүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтому менен жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптары бекитилген. Анда мектеп формасынын классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектигин бекитилген. Ал эми окуучулардын баш кийими боюнча талаптар бул жободо көрсөтүлгөн эмес. Министрлик социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган маалыматтарды териштирүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары менен комплекстүү иш алып барууда», — дешти.