Министрлик ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда 2-3 сантиметр калыңдыкта кар жаап, жолчулар тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрдү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жана Ала-Белде кыламык кар жааган, каттам бар.

Азыркы тапта өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылы үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок.