Министрлик: «Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат»

Бүгүн, 17-августта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачыларын билдиришти.

Басма сөз кызматы белгилегендей, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 200 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын 35 миңи 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

«Бул аймакка 3 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 24 саат бою иштей турган реабилитациялык борборду жайгаштыруу пландалууда. Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен 100 орундуу кошумча имараттарды куруу пландалууда», — деп билдирди министрлик.